• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Жигиттин жаны найзанын учунда, кылычтын мизинде”, “Жигит намыс үчүн төрөлөт” сынактары жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. 23-февраль - Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунда “Жигиттин жаны найзанын учунда, кылычтын мизинде”, Кыргыз улуттук аскер лицейинде “Жигит намыс үчүн төрөлөт” деген темада эӊ кыска аӊгеме жазуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынакка бардык курсанттар жана мураскерлер катышты. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын негизги максаты – катышуучуларды китеп окуганга үндөө. Себеби, жазыш үчүн көп окуш керек. Дүйнө таанымы кеӊири өнүккөн адам гана айтайын деген, жазайын деген кеӊири ой-пикирин кыска, нуска түрдө бере алат. Аскер адамы кыска сөздүн устасы болушу абзел.

Бул сынак дал ошол аскер турмушундагы кыскалыкты, нускалыкты баалай билүүгө, ага үйрөтүү болгондуктан, шарт боюнча аӊгеме жети сүйлөмдөн ашпай, ошол жети сүйлөм менен берилген теманы ачып бериш зарыл эле. Катышуучуларга бир ай убакыт берилген.

Сынактын жыйынтыгында баш байгени Аскер институтунан 3-курстун курсанты Сагынбек Советов жеӊип алса, аскер лицейинен мураскер Акылбек Рахматиллаев утуп алды.

Жеӊүүчүлөргө демөөрчүлөр тарабынан даярдалган баалуу белектер (уюлдук телефон) тапшырылса, сынакка катышкан ар бир уланга кызыктыруучу белектер берилди.

Пикир

Оставить комментарий