• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК 2019-жылга бюджеттин долбоорун жана 2020-2021-жылдарга бюджет болжолун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы жыйынын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.

Аталган мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасады. Андан соң суроо-жооп форматында талкуу жүрдү.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары 2017-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту, 2018-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, 2019-жылга бюджет долбоорун жана 2020-2021-жылдарга болжолун биринчи окууда жактырды.

Пикир

Оставить комментарий