• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бүгүн парламенттин депутаттары “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Д.Бекешев, И.Өмүркулов, А.Кодуранова, Г.Молдобекова, А.Баатырбеков, А.Алтыбаева.

Демилгечилердин бирри депутат Молдобекова белгилегендей, Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жыл сайын 7-8-ноябрды майрам күнү катары белгилөө каралган.

“Бул күндөр 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революциясына калы тарыхый баа берүү максаттарында киргизилүүдө”, - деп билдирди Молдобекова.

Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, бул мыйзам долбоору менен 7-ноябрь майрамы жоюлбайт, 8-ноябрь кошулат. Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий