• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖК Абдыгуловду вице-премьер-министр кызматына бекитти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жогорку Кеңеш бүгүн пленардык жыйында мурда биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп келген Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин вице-премьер-министр кызматына бекитти.

Абдыгуловдун талапкерлигин өкмөт башчы Сапар Исаков сунуштаган.

Парламентте мындай өзгөрүүлөрдүн себебине кызыгышты.

“Биз өкмөттүн курамын бир аз өзгөртүүнү чечтик. Ошол себептен мындай өзгөрүүлөр болууда. Абдыгулов мурдагыдай эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү боюнча иш алып барат”,-деди Исаков.

Депутаттар Абдыгуловдун талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Эске сала кетсек, мурда вице-премьер-министр кызматында Дүйшөнбек Зилалиев болчу, ал 17-ноябрда ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий