• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламент Абылгазиев сунуштаган төрт өкмөт мүчөсүнүн талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊеш премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан дайындоо үчүн сунуш кылынган экономика министри кызмат ордуна Муканбетов Санжар Турдукожоевичтин, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Чодуев Эркинбек Урайымовичтин, Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри кызмат ордуна Кылжыев Самат Аскербековичтин, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Догоев Дастан Давлетовичтин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтому кабыл алынды

Талапкерлерди депутаттарга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Ал кызмат ордуна сунушталган талапкерлер өз каалоолору менен отставкага кеткен өкмөт мүчөлөрүнүн ордуна дайындала турганын, алар буга чейин өздөрүн кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи катары көрсөтө алышканын билдирди. «Алардын билими да, тажрыйбасы да жетиштүү, мамлекеттик кызматтын талаптарын жакшы билишет. Ошондон улам жаӊы кызмат ордундагы милдеттерин татыктуу аракалап кете алат деген ойдомун», - деди ал.

Талапкерлер депутаттары өздөрүнүн жаӊы кызмат ордунда аткарчу иш программалары менен тааныштырып, чоӊ жоопкерчиликти сезип жатышканын, парламенттин жардамы ьаянуу жана өздөрү жетектей турган тармактарга мыкты адистерди тартуу менен, өлкө экономикасын турукташтыруу, андан ары өнүктүрүү жаатында ишти алга жылдырууга аракет жасарын билдиришти.

Депутаттар мурдагы өкмөт мүчөчөрүнүн кызматтан кандай себептерден жана кимдер тарабынан бошотулганына кызыгышты. Премьер-министр алар коомчулук тарабынан өз дарегине айтылган сын пикирлерден улам, жоопкерчилигин сезүү менен, кызматтан өз каалоолору боюнча кеткенин билдирди.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан талапкерлерди эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын өтө жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады. Ал аткаруу бийлигинин иши мындан ары дагы парламенттин тыкыр көзөмөлүндө болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий