• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК Аппарат жетекчиси С.Ибраев DFID өкүлдөрү менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.17 /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчиси Саматбек Ибраев, баронесса Элисон Сьютти баштаган Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) өкүлдөрү Сью Гриффитс жана Руслан Мурзалимов менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Жогорку Кеңеш менен Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин кызматташтыгы жана биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууга алынып, алакаларды мындан ары да арттыруу маселелери каралды. Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Саматбек Ибраев парламент мыйзамдарды гана чыгаруу менен чектелбей, анын аткарылышын көзөмөлдөө милдетин да аткараарын белгилеп: “Бул жаатта сиздердин көмөгүңүздөр менен көп иштер жасалууда. Айрыкча, Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети менен бирге жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордун натыйжасында, чет жердеги кыргызстандык мекендештер менен эл өкүлдөрүнүн жолугушуулары уюштурулуп, алардын көйгөйү менен жеринде таанышуу аракети жүрүүдө. Тагыраагы, депутаттар жана аппарат кызматкерлери миграция маселесине тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын мигранттардын катышуусу менен талкуулап, аларды парламент жыйынына алып чыгуу ишин колго алууда”, – деди.

Ошондой эле, Саматбек Ибраев аталган долбоорду парламенттик башка комитеттерге да жайылтуу керектигине токтолуп, айыл-чарба, туризм тармактарына тиешелүү мыйзамдардын аткарылышын да көзөмөлгө алууну күчөтүү зарылчылыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) өкүлү баронесса Элисон Сьютти бул жаатта Жогорку Кеңеш менен кызматташууга кызыкдар экендиктерин белгилеп, парламенттин ишмердүүлүгүн жакшыртууга багытталган алакаларды арттырууда Аппараттын мааниси жогору экендигин билдирди. Андан тышкары: Бардык тармактык комитеттер менен кызматташып, мыйзамдардын аткарылышын жакшыртуу аракетин улантылат”, – деди Элисон Сьюти.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин Илим-изилдөө борборунун жетекчиси Бактыбек Такенов да катышты.

Пикир

Оставить комментарий