• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК Асымбековду, Жаманкуловду, Осмонбетовду жаӊы кызмат орундарына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште КР Премьер-министри тарабынан КР Ɵкмѳтүнүн Аппарат жетекчиси – министри, Юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызмат орундарына дайындоого сунуш кылынган талапкерлер каралды. Алардын талапкерлиги тармактык комитет тарабынан да жактырылган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуш кылынып жаткан талапкерлер жогорку билимге ээ жана жетиштүү иш тажрыйбалары бар экенин, өз иш-милдеттерин жакшы билише турганын баса белгиледи. «Бул кызматтарда мурда иштеген адамдар өз каалоолору менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Алардын антүүгө толук акылары бар. Ошондон улам, өкмөт мүчөлүгүнө жаӊы талапкерлер сунушталууда», - деди ал.

Андан тышкары, буга чейин Шамилбек Асымбеков Ɵкмѳттүн аппарат жетекчисинин орун басары, Марат Жаманкулов Өкмөттүн юридика бөлүмүнүн башчысы, Эмил Осмонбетов «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын Директорлор кеӊешинин мүчөсү болуп иштеп келгени белгилүү болду.

Талапкерлер депутаттарды кызыктырган суроолорго жооп берди. Эл өкүлдөрү каралып жаткан кызмат орундары аткаруу бийлигинин өтө маанилүү тармактары экенин белгилөө менен бирге, аларды жаӊы кызматтык иш-милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасап, өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, калктын калыӊ катмарынын кызыкчылыгын коргоп, алардын турмушун жакшыртууга өз салымдарын кошууга чакырды.

Премьер-министр ушу тапта атайын жумушчу топ түзүлүп, Өкмөттүн жана анын аппаратынын жаӊы ийкемдүү түзүмүнүн долбоору иштелип жатканын, ал аяктагандан кийин парламенттин кароосуна киргизиле турганын билдирди. Анын айтымында, кайра түзүмдөштүрүү алкагында айрым мамлекеттик органдар бириктирилип, ал эми айрым бир ирилештирилген органдар өзүнчө тармактарга ажыратылышы мүмкүн. Ал долбоор иштин жүрүшүнө жараша аяктай турганын кошумчалады.

Талкуу жыйынтыгында Асымбеков Шамилбек Үмөтовичти Ɵкмѳттүн аппарат жетекчиси – министри, Жаманкулов Марат Тургунбаевичти юстиция министри, Осмомбетов Эмил Кубатовичти өнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин тѳрагасы кызмат орундарына дайындоого макулдук берилди.

Депутаттар өкмөт мүчөлүгүнө дайындоого макулдук берилген кызмат адамдарын чоӊ ишенимге ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ири ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий