• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК аткаруу бийлигинен балдардын суициди жана үй-бүлө институтуна өзгөчө көңүл бурууну талап кылышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кыл маселелер саатында” спортту өнүктүрүү, темир жол маселелери, балдар суициди, үй-бүлө институту, ички жол каттамдарын асфальттоо маселелери көтөрүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы спорт интернатынын ремонтко муктаж экенине токтолуп, андагы жаш спортчулардын тамак-ашын жакшыртуу менен спорт тармагында ийгиликтерге жетишүүгө болоорун билдирди. Ошону менен катар спортчулардын эл аралык мелдештерге чыгуусунда иш сапар чыгымдарына дагы көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Өзбекстан менен мамиле жакшыра баштаганын айткан депутат Зиядин Жамалдинов Өзбекстан менен темир жол каттамы чечилсе жакшы болот эле дейт. Мындан сырткары, депутат Жалал-Абад – Бишкек темир жолун дагы кайрадан жандандыруу зарылдыгын билдирди.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагына ФАП куруу 2 жылдан бери чечилбей келет. Депутат Сайдолимжон Жураев мындай билдирүү менен чыгып, бул аймактагы оорукана 10 чакырым алыстыкта жайгашып, жергиликтүү эл кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын бул ирет дагы көтөрүп чыкты.

Балдардын өз жанын кыюу фактысы арбып баратканына депутат Наталья Никитенко тынсыздануусун ортого салды. Анын маалыматы боюнча акыркы 11 айда эле 300дөй чамасында өз жанын кыюу аракети болгон. “Бул багытта балдар менен профилактика иштери тиешелүү деңгээлде жүрбөй жатат”- дейт Н.Никитенко.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда ичүүчү суу дагы, сугат суусу дагы – башкы көйгөй. Депутат Бактыбек Райымкулов бул аймактагы таза суу көйгөйүн чечүүнү келерки жылдын республикалык бюджетинин титулдук тизмесине киргизүүнү сунуштап жана 9 км болгон каналдын жок дегенде жарымын тазалоого өкмөт көмөктөшсө 1000 га жер сугат жерге айланаарын айтып, аткаруу бийлигин маселени чечүүгө чакырды. Мындан сырткары, эл өкүлү Жайыл районундагы Орто айылында электр мамылары, Кум-Арык айылында трансформаторлор начар абалда болуп, көйгөй жаратып жаткандыгын кошумчалады.

“Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө экономикасын, инвестицияны жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарды айтып келет. Тилекке каршы, аткаруу бийлигинде андай сунуштарга кызыгып койгон адам жок”,- дейт депутат Уланбек Примов. Ал “Жайыттар жөнүндө” мыйзам боюнча берген сунуштарына Юстиция министрлиги тарабынан эч кандай реакция болбой жатканын мисалга тартты.

Үй-бүлө институтуна кошкон салымы үчүн экс-президент А.Атамбаевге ыраазычылык билдирген депутат Айнуру Алтыбаева Үй-бүлө институтунун калыптанышына, бекемделишине Өкмөт жакшы аракеттерди көрбөй жатканын сынга алды.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Ош – Баткен - Исфана жолунун Көк-Талаа–Караван тилкесинин 33 км жолунун курулушу өтө жай жүрүп жатканын Өкмөткө айтып, бул боюнча толук маалымат талап кылды.

Депутат Кенжебек Бокоев Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата райондорунун ички жолдоруна асфальт төшөө маселесин койду. Ошону менен катар аталган райондордогу Калба, Молдасан айылдарындагы мектептердин курулушу 2018-жылы бүтүшү керектигин Өкмөткө жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий