• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК басма сөз кызматы: 8-ноябрь - иш күнү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.11.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңеш өз токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 7-8-ноябрь күндөрүн жыл сайын Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгилөө тууралуу сунушун колдоого алгандыгын билдирет. Буга байланыштуу 8-ноябрды календардын “кызыл күнү” кылып жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилиши зарыл. Мындай мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кечээ, 1-ноябрда биринчи окууда кабыл алынды. Андыктан, “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 3 окуудан кабыл алынгандан кийин гана 8-ноябрь жумуш эмес күн катары жарыяланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө бүгүн, 2-ноябрда кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтомунун текстин келтиребиз:

"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин
2017-жылдын 26-октябрындагы № 231 «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө» Жарлыгы тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 231 “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” Жарлыгын көңүлгө алып, “Кыргыз еспубликасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 7 жана 8-ноябрды жыл сайын белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялоо жөнүндө сунушу колдоого алынсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 74-IV “Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-апрелиндеги № 340-IV “1916-жылдын кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү Күнүн белгилөө жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д. Жумабеков

Пикир

Оставить комментарий