• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК басма сөз кызматынын башчысы: “ЖМКлардын ар бир редакциясында калыстык жана нейтралдуулук механизмдери сакталышы керек”

Коом 0

Бишкек, 16-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. ЖМКлардын ар бир редакциясында журналисттин калыстык жана нейтралдуулук механизмдери сакталышы керек. Бул тууралуу бүгүн медиа коомчулуктардын ачык сүйлөшүүлөрүндө Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ЖМКлары кимдир бирөөгө таасир берүү куралына айланып калды. Учурда саясий ишмерлер, белгилүү инсандар гана эмес, жөнөкөй жарандар тууралуу да макалаларга буйрутма беришет экен. “Бир аял тууганы анын намысына жана кадыр-баркына шек келтирген макала үчүн журналисттерге буйрутма бергени мени таң калтырды. Бул туура эмес. Жалпы кабыл алынган этика ченемдеринен тышкары, ар бир редакцияда өзүнүн ички саясаты болуш керек. Ар бир редакция кандайдыр бир маалыматты жарыялоодо этикалык ченемдерди карманышы керек. Маалыматты чыгаруунун алдында редактор, айрым учурларда юрист бул макала башка адамдардын укугун бузбай тургандыгын текшериши зарыл”, - деп билдирди журналист.

Басма сөз кызматынын башчысы бул механизм бекем сакталышы керектигин белгиледи. “Ооба, албетте, айрым гана ЖМКлар эки тараптуулук принцибин карманбай келишет. Бирок, мында журналист калыс болушу керек. Бул анын ишинде эң маанилүү”, - деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий