• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК басма сөз кызматынын парламент чыгымдары жөнүндө маалыматка карата түшүндүрмөсү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. “24.kg” маалымат агенттигинин сайтында жарыяланган «Наглость кыргызского чиновника. На что спускают наши деньги» аталышындагы материалга байланыштуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы парламенттин чыгымдары боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

Жогорку Кеңеш ачык-айкын мамлекеттик орган болуп саналат. Тендер жана чыгымдар боюнча жарыялар Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин расмий сайтына ачык жарыяланат. Канцеляриялык кыстыргычка чейинки парламенттин чыгымдары боюнча ар бир берене Каржы министрлиги менен макулдашылат.

Жогорку Кеңештин имараты үчүн штор сатып алууга жарыяланган тендер дагы алдынала пландаштырылган. Парламенттин Иш башкармалыгы аталган беренеге 1 млн 171 миң сом карагандыгын билдиребиз. Бирок, Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын иш тажрыйбасында аталган тендердин суммасы жана баардык эле жарыяланган тендерлер жалпысынан товарларды сатып алууда жана кызмат көрсөтүүдө комиссиянын кароосунун натыйжасында 5тен 30 пайызга чейин төмөндөтүлөрүн белгилей кетели. Баардык үнөмдөлгөн каражаттар республикалык бюджетке кайтарылат.

Ал эми шторлорду өндүрүүчү өлкө боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жарыяланган тендерлердин алкагында товарлардын аталышы гана эмес, башка параметрлерин да көрсөтүү талап кылынат. Жогорку Кеңештин имаратынын шторлору 7 жыл мурун жаңыртылган, бүгүнкү күндө жараксыз абалга келди. Буга байланыштуу 7-10 жылга чейин жаңы шторлор сатып алынбайт. Иш башкармалыгы талап кылынган критерийлердин бирин – оптималдуу төмөнкү баадагы жогорку сапатты жарыялаган. “Жогорку Кеңеш Италия өндүрүшүндөгү шторлорду сатып алат” деген маалымат чындыкка коошпойт. Анткени, тендердик комиссиянын арыздарды кароосунда аталган критерий милдеттүү түрдө эмес. Башкы талап өндүрүүчү өлкө эмес, башкы талап товардын сапаттуу болушу.

Ошону менен катар, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы Жогорку Кеңештин 1-кабатындагы фойени жасалгалоо жана реставрациялоо жөнүндөгү маалыматтар тууралуу буларды белгилейбиз. Парламент мамлекеттик орган болуп эсептелингендиктен, анын имаратына өлкөнүн баардык аймактарынан меймандар экскурсияга келишкендей эле, эл аралык делегациялар дагы келишет. Ага каралган чыгымдар зарыл деп эсептелинет. Фойедеги Кыргыз Республикасынын желеги, герби, каркасы менен флагшток жана башка мамлекеттик символдор акыркы ирет 2010-жылы жаңыртылгандыктан, бүгүнкү күндө анча жакшы эмес көрүнөт. Буга байланыштуу аларды реставрациялоо талап кылынат.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кесиптештеринен материал даярдоодо калыс жана акыйкат болууну өтүнөт. Себеби, Жогорку Кеңеш бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жана чыгымдарды кыскартуунун негизги демилгечилеринин бири катары мындай саясатты 2011-жылдан бери ырааттуу карманып келет.

Пикир

Оставить комментарий