• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК Баткендеги кырдаал боюнча Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түздү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу өткөрүлгөн кезексиз жыйындан кийин Жогорку Кеңештин төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар сыртка чыгып, чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүү үчүн парламент имаратына келгендер менен кайрадан жолугушту.

Жолугушууда төрага Талант Мамытов Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү жумуштарды жүргүзүп жатканын айтып, парламент бардык керектүү чечимдерди кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзөөрүн маалымдап, штабдын алкагында депутаттар тийиштүү жумуштарды алып барарын кошумчалады.

Ошондой эле төрага баштаган депутаттар борбордук штабдын алгачкы жыйынын өткөрүп, Баткен облусунун өкүлдөрү менен бирге кырдаалды талкуулады.

Эскерте кетсек, төрага “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, парламенттин кезексиз жыйынын чакырган. Андан сырткары, Талант Мамытов жыйынга чейин чек арадагы кырдаал боюнча пикирин билдирүү үчүн парламент имаратына келгендерге жолугушуп, сүйлөшкөн.

Пикир

Оставить комментарий