• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Быйыл кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекеси белгиленет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесин белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Талант Мамытов («Республика — Ата-Журт»), Каныбек Иманалиев («Ата Мекен»), Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү - Прогресс»), Акылбек Жапаров («Бир Бол»), Таалайбек Масабиров («Кыргызстан») жана аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды, - деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесин белгилөөгө бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай турганын, маареке алкагында илимий конференциялар гана өткөрүлө турганын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий