• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК депутат Асылбек уулу Дамирбектин кармалышы боюнча билдирүү таратты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.02.18. /Кабар/. Жогорку Кеңеш депутат Асылбек уулу Дамирбектин кармалышы боюнча билдирүү таратты.

ЖКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, билдирүүдө мындап деп айтылат:

Жогорку Кеңеш депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана тиешелүү укук коргоо органдары жүргүзүп жаткан иш-аракеттерге дыкаттык менен көз салып турарын билдирет жана буга чейин “Кыргызстан” парламенттик фракциясы тараткан билдирүүгө толугу менен кошулат. Асылбек уулу Дамирбек социалдык-экономикалык маселелерди парламент трибунасынан байма-бай козгоп, жигердүү иш жүргүзгөн депутаттардын бири. Андан тышкары ал күрөш боюнча Кыргызстан жана Казакстан желегинин алдында эл аралык таймаштарга катышып, спорт дүйнөсүнө кеңири таанылган ишмер.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Асылбек уулу Дамирбектин ишин эл аралык эрежелердин алкагында иликтөөгө жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугуштурууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кесиптеши Казакстан Республикасынын Мажилисинин Төрагасы Н.Нигматулиндин атына кат жолдоду. Жогорку Кеңеш Казакстан Республиканын аймагында кармалган кыргыз жарандарынын, анын ичинде депутат Асылбек уулу Дамирбектин иши Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан мыйзам чегинде, адам укуктарын сактоо менен жана акыйкат иликтенет деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий