• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

ЖК депутаттар тобу КМШ ПААнын сыйлыктары менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊеште бир катар депутаттарга парламенттер аралык кызматташтык мамилелерди чыӊдоого кошкон салымы үчүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 25 жылдык маарекесине карата анын сыйлыктарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, КМШ ПААнын 25 жылдыгына арналган медаль менен КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, «Республика – Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов, «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сыйланды.

КМШ ПААнын 25 жылдыгына арналган Эстелик белги менен Жогорку Кеӊештин депутаты Абдимуктар Маматов сыйланды.

КМШ ПААнын Ардак белгиси менен Жогорку Кеӊештин депутаттары Дамирбек Асылбек уулу менен Максат Эгембердиев сыйланды.

Ал эми Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев КМШ ПААнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Андан тышкары, депутат Асылбек Жээнбековго Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Ардак грамотасы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий