• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК депутаттар тобу ОшМУнун студенттери менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары жана студенттери менен жолугушту. Анда саясаттагы жаштардын орду, учурдагы актуалдуу маселелерди чечүүдөгү салымы тууралуу талкуу болуп, студенттер өздөрү кызыккан суроолоруна депутаттардан жооп алышты. Ошондой эле, ийгиликке жетүүнүн жолдору жана студенттердин муктаждыктары жөнүндө да сөз болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутаттар студенттерди убакыттан пайдаланып терең билим алууга үндөшүп, өлкө келечеги жаштардын колунда экенине токтолушту. Алсак, депутат У.Ормонов: “Кесибиңерге гана тиешелүү китептерди окубай, ар кандай багыттагы адабияттарды окуганга аракет кылгыла. Анткени кийин китеп окуганга да убакыт табылбай калган учурлар болот. Ал эми силерде азыр билим алууга мүмкүнчүлүктөр арбын”, – деди. Андан тышкары, депутат А.Касымалиева жаштарды бийик максат коюуга чакырып: “Кыйынчылыктарга карабай өзүңөрдүн жаркын келечегиңер үчүн күрөшсөңөр, өлкөбүздү өнүктүрүүгө да жардам бере аласыңар”, – деп кошумчалады.

Эске салсак, Ош шаарындагы бул жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары У.Ормонов, А.Касымалиева, Н.Алимбеков, К.Баймуратов, А.Осмонова жана А.Эргешов катышууда.

Пикир

Оставить комментарий