• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК депутаттары Азербайжанда өткөн парламенттик шайлоого байкоочу катары көз салышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Бахадыр Сулейманов, Алмазбек Баатырбеков жана Зиядин Жамалдинов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) байкоочулар миссиясынын курамында Азербайжан Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүү байкоо жүргүзүштү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Эл өкүлдөрү Казакстан жана Түркия парламенттеринен келген кесиптештери менен бирге ТҮРКПА Катчылыгында болушуп, байкоочулар миссиясынын программасынын негизги багыттары боюнча баарлашышты. Ошону менен бирге Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Борбордук шайлоо комиссиясынын жогорку кызмат адамдары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Байкоочулар миссиясы шайлоо күнү Азербайжандын Шамахи, Гобустан жана борбор калаа Бакуда жайгашкан бир катар шайлоо тилкелеринде болушуп, андагы комиссия мүчөлөрү, байкоочулар жана ошондой эле шайлоочулар менен жолугушуп пикир алмашышты. Иш-чаранын жүрүшүндө депутаттар шайлоонун жүрүшү боюнча жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына өз ой пикирлерин билдиришти.

Белгилей кетсек, курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия парламенттери кирген ТҮРКПАнын байкоочулар миссиясы, ассамблеяга мүчө өлкөлөрдө өткөн шайлоолорго байкоо салып келишет.

Пикир

Оставить комментарий