• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары Брюсселде жыйынга катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 8-декабрда Брюссель шаарында КР Жогорку Кеңешинин делегациясы "Кыргыз Республикасы - Европа Биримдиги" аталышындагы парламенттер аралык кызматташтыктын 14 жана 15-комитеттеринин ишине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, делегациянын курамында депутаттар Лейла Лурова, Жаныбек Абиров, Гүлшаркан Култаева, Гүлкан Молдобекова, Максатбек Сарбагышев, Шаирбек Ташиев, Марат Мураталиев бар. Европалык тарапты Борбордук Азия боюнча делегациянын төрагасынын орун басары, Европарламенттин депутаты Атидже Алиева-Вели жетектеди.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин кызматташтыгынын жана өнөктөштүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө жылына туш келген бул депутаттардын жолугушуусунда эки тараптуу алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап өлкөдө, анын ичинде мыйзам чыгаруу тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, мамлекеттин алдында турган артыкчылыктуу милдеттер тууралуу маалымдады. Тараптар өнүгүү, экономикалык жана социалдык реформалар, ошондой эле европалык инвестицияларды тартуу жаатындагы маселелер боюнча пикир алмашышты. Соода мамилелерин чыңдоо максатында преференциялардын жалпы схемасын (ВСП+) колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору каралды.

Мыйзам чыгаруучу органдардын иши боюнча пикир алмашуу болду. Делегациялар ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү, ЖМК эркиндигин камсыздоо, фейктер менен күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Кошумчалай кетсек, Комитеттин отурумунда Борбордук Азия жана Европа Биримдиги форматындагы акыркы аймактар аралык иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле Европа Биримдиги менен энергетика, транспорт жана санариптештирүү тууралуу пикир алмашуу болду. Жыйынтыгында тараптар жогорку деңгээлдеги байланыштарды сактоого жана Комитеттин кезектеги жыйынын Кыргызстанда өткөрүүгө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий