• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК депутаттары эки күндүк эмгек акысын Түркияга жардам катары которот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Түркияда катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү максатында эки күндүк эмгек акысын которот. Бул боюнча Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Сунушту бүгүн, 9-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев киргизди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы кыйратуучу жер титирөөлөрдөн жабыркагандарга жардам үчүн Кыргызстанда акча каражаттарын бир жерге чогултуу боюнча бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миң 57 адам, жабыркагандардын саны 52 миң 979 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий