• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК депутаттары көмүр ташып жеткирүүчүлөр менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Кара-Кече кенинин 100дөй көмүр ташып жеткирүүчүлөрү эки күн мурун Жумгалда нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар октук жүктүн өлчөмүнүн эрежесине, көмүр ташып жеткирүүнүн наркына жана жолдун абалына нааразы экенин билдиришкен. Натыйжада оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловго талаптарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Буга байланыштуу бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Турускулов, Алмамбет Шыкмаматов жана Абтандил Кулбараков көмүр ташып жеткирүүчүлөр менен жолугушту. Ошондой эле, жолугушууга Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Айдоочулардын айтымында жети-сегиз жылдан бери карьерден Бишкек шаардык ЖЭБине көмүр ташып жеткирүүнүн наркы өзгөрүүсүз калтырылып, 850 сомдон бааланып келет. Андыктан, негизги талап наркты көтөрүү болууда. Бул боюнча “Аист” ЖЧКсынын директору “Электр станциялары” ААКсы менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан каражаттын убагында түшкөндүгүнө байланыштуу көмүр ташып жеткирүүнүн наркын 900 сомго көтөрүүгө болорун билдирди. Депутаттар “Электр станциялары” ААКсы менен “Аист” ЖЧКсы биргелешип наркы аныктоо шарттарын караштыруу зарылчылыгын сунушташты.

Ал эми Балыкчы – Кара-Кече автожолу тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев оңдоп-түзөөгө каражаттын жетишсиз болуп жатканын маалымдады. Өз кезегинде айдоочулар Балыкчы шаарынан Кара-Кечеге чейинки жолдун курулушуна зарыл болгон материалдарды бекер ташып жеткирүү боюнча өз кызматтарын сунушташты.

Андан тышкары, айдоочулар октук жүктүн өлчөмүн белгилүү туура эмес экендигин айтышып, бардык жүктүн көлөмүн эске алууну өтүнүштү. Жогорку Кеңештин депутаттары бул жааттагы эрежелерди кайрадан карап чыгууну Өкмөткө сунушташты.

Пикир

Оставить комментарий