• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК депутаттары өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карашат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карашат.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов төрага Дастанбек Жумабековдон парламенттин күн тартибине өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин киргизүүнү суранды.

Аны “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов колдоду. Анын айтымында, мыйзам боюнча, эгерде депутаттардын үчтөн бири спикердин атына кат жазса, анда бул маселени күн тартибине киргизүү керек. Саясий туруктуулук үчүн бул маанилүү маселе, ал эми ар кыл маселелерди кароону кийинки жумага калтырууга болот.

Спикер Дастан Жумабеков өзүнүн атына 40тан ашык депутат кол койгон кат келгенин айтты. Бирок тармактык комитеттин бүтүмү жок.

Мындан соң төрага маселени добушка койду. Бул маселени күн тартибине коюуга 102 депутат добуш берген.

Депутаттар 15 мүнөттүк тыныгуу сурап, анда соң тармактык комитеттин жыйыны жарыяланды.

Эскерте кетсек, “Республика – Ата Журт”, “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан. Буга чейин КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары министрлер кабинетинин отчетун жактырган.

Пикир

Оставить комментарий