• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

ЖК депутаттары КМШ ПААнын 47-пленардык жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 13-апрелде төраганын орун басары Асел Кодуранова баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 47-пленардык жыйынына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тогуз мамлекеттин парламенттери мүчөлүк кылган Ассамблеянын аталган жыйынына байкоочу катары Түркмөнстандын, Афганистандын мыйзам чыгаруу органдарынын жетекчилери жана Өзбекстан парламентинин өкүлү катышты. Ошондой эле ЕККУ ПАнын, Балтия жана Жер Ортолук Деӊизине жакын жайгашкан өлкөлөрдүн парламенттик бирикмелеринин өкүлдөрү да сөз сүйлөдү.

Мындан сырткары, жыйында КМШ мамлекеттеринде жарыяланган Маданият жылынын алкагындагы аткарылып жаткан долбоорлор жана мерчемделген маданий иш-чаралар боюнча маалымат берилди.

Жогорку Кеӊештин депутаты Садык Шер-Нияз өзүнүн баяндамасында парламенттер аралык кызматташтыкты тереӊдетүү менен маданий жаатта да алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолуп: "Руханий бай казынага ээлик кылган Кыргызстан маданий байланыштарды тереӊдетүүгө кызыкдар. Айрыкча, тарыхый жактан тыгыз карым-катнашта жашаган КМШ мамлекеттериндеги маданий мурастарды сактап, жаӊы заманбап шарттар өнүктүрүү учур талабы",- деди. Ошондой эле улуу жазуучу Чыӊгыз Айматовдун 90 жылдыгы КМШ алкагында белгиленип жатканына ыраазычылык билдирген Садык Шер-Нияз: "Келечек муунду өзүбүздүн улуу инсандар түптөп кеткен жолдо тарбиялай алсак, жакын достук мамилебиз, тарыхый алакабыз дагы да уланат деген ишеничтемин", - деп кошумчалады.

Ошондой эле жыйында бир катар моделдик мыйзамдардын да долбоору каралып, талкууланды. Анын ичинде Маданият тууралуу Кодекстин, Экспертиза жана эксперттик ишмердүүлүк, мектепке чейинки билим берүү, студенттик бирикмелердин ишмердүүлүгү, мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат тууралуу жана башка тармактарга тиешелүү моделдик мыйзамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жыйындын соӊунда КМШ ПААнын алкагында жигердүү кызматташып, алакаларды арттырууга кошкон салымы үчүн Жогорку Кеӊештин депутаты Эмил Токтошев ассамблеянын атайын төш белгиси менен сыйлады.

Белгилей кетсек, төраганын орун басары Асел Кодуранова баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Акылбек Жамангулов, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Эмил Токтошев, Искендер Матраимов жана Садык Шер-Нияз Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ ПААнын жана ЖККУ ПАнын жыйындарына катышууда.

Пикир

Оставить комментарий