• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК депутаттары коопсуздук күндөрүнө арналган ЕККУ конференциясына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахаб Нурбаев баштаган депуттар Анвар Артыков, Карамат Орозова, Максат Сабиров Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги программалык кеңсесинин колдоосу астында Прага шаарында (Чехия) өткөн “Бөлүнүп-жарылууга каршы аракеттенүү: Европада туруктуу жагдайды калыбына келтирүү” аталышындагы конференцияга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган конференциянын алкагында маалыматтык коопсуздукту чагылдыруу аркылуу Европа коопсуздугуна байланыштуу маселелер талкууланды. Мындан сырткары, континенттеги геосаясый ажырымды жараткан Украина жана анын айланасындагы кризистин өңүтүндө ЕККУ аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо жагдайлары каралды.

Бул иш-чара коопсуздук боюнча пикир алышууларды жандандыруу үчүн платформа болуп, тиешелүү эл аралык жана аймактык уюмдар жана мекемелер ортосундагы коопсуздукту камсыздоо маселелерине байланышкан көйгөйлөр жөнүндө маалымат алмашуунун жана кызматташуунун негизи катары кызмат кылат.

Пикир

Оставить комментарий