• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаттары Кореянын парламенттик делегациясы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Корея Республикасы менен кызматташуу боюнча достук тобунун башчысы Аида Исмаилова баш болгон депутаттар Че И Бэ баштаган Корея Республикасынын Улуттук Жыйынынын депутаттары менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык мамилелердин келечеги тууралуу пикир алышты. Жолугушууга депутаттар Жыргалбек Турускулов, Абдимуктар Маматов, Тариел Жоробеков, Сагындык Келдибаев, Нурбек Тотонов катышты.

Депутат Аида Исмаилова Кореянын өткөн парламенттик жана президенттик шайлоолорго техникалык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ендин Кыргызстандагы сапары эки тараптуу кызматташтык мамилелерди жаӊы деӊгээлге көтөрө турганын белгиледи. «Кыргызстан – башкаруунун парламенттик таризин тандап алган жалгыз өлкө. Мындай көрүнүш эки өлкөнү кыйла жакындаштырып, парламенттер аралык байланыштын бекемделишине өбөлгө түзөт», - деди ал.

Корей парламенттик делегациясынын башчысы Че И Бэ өз өлкөсүнүн дарегине айтылган жылуу сөздөр үчүн ыраазычылык билдирип, Чыӊгыз Айтматовдун өлкөсүнө өтө чоӊ кубаныч менен келгенин жашырган жок. «Шайлоолордун таза жана ачык-акын өтүшү коомдун тазаланышына жол ачат. Биз парламенттин ишмердүүлүгү жаатында топтолгон тажрыйбабызды бөлүшүүгө даярбыз», - деп кошумчалады ал.

Жолугушуу жүрүшүндө тараптар ордо калаага авиакаттамдарды ачуу, туризмди өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо, эмгек мигранттарынын квоталарын көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий