• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаттары Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.02.02. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда, Жогорку Кеңештин депутаттары Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Жолугушууда жергиликтүү кеңештин депуттары Кызыл-Кыя шаарынын инфраструктуралык маселелери тууралуу сөз кылышып, жол, таза суу, оорукана, мектеп өңдүү социалдык багыттагы чечилбей жаткан көйгөйлөрдү ортого салышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештин аткара турган иштери, максаты бир экенин айтып, депутаттарды тыгыз иштешүүгө чакырды.

“Сиздер чече албаган көйгөйлөрдү бизге айтып жатасыздар. Бул эң жакшы көрүнүш. Биз биргелешип тыгыз иштешкенде гана элге керектүү иштер жасалып, пайдалуу мыйзамдар кабыл алынат", – деди Төрөбай Зулпукаров.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттары аймактагы жолдорду оңдоп түзөө, курулуп жаткан жолдордун сапатсыздыгы, таза суунун жетишпегендиги, шаардагы аэропортту иштетүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы орчундуу көйгөйлөргө кеңири токтолушту.

Алсак, шаардык кеңештин депутаты Уулбү Дарипованын айтымында Кызыл-Кыяда жайгашкан ооруканалардагы медициналык аппараттардын жетишпестиги тургундар үчүн көп кыйынчылыктарды алып келүүдө.

“Медициналык аппараттар узак жылдан бери иштетилип келе жатат. Айрыкча УЗИ, рентген аппараттары көп учурда бузулуп калат. Бул учурда эл анализ берүү үчүн кымбат баадагы жеке менчик медициналык борборлорго барышат. Ошондой эле "Тез жардам" унаасынын да абалы начар. Бул сыяктуу дагы башка көйгөйлөрдү чечүүдө биздин үнүбүз өкмөткө жетпей келет", – дейт Уулбү Дарипова.

Жолугушуу соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары айтылган маселелерди эске алууну, аларды тийиштүү комитетке алып чыгып, чечип берүүнү убада кылышты.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Сайдолимжон Джураев, Эрмамат Тагаев жана Калдарбек Баймуратов катышты.

Пикир

Оставить комментарий