• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК депутаттары Новосибирскте эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Максат Сабиров, Сагындык Келдибаев, Руслан Казакбаев, Улукбек Ормонов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Новосибирск шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугуп, алардын көйгөйлүү маселелерин жеринен угушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мекендештер эл өкүлдөрүнө Россия Федерациясынын аймагындагы эмгек мигранттарынын 30 күнгө чейин жүрүү мөөнөтүн узартуу, кайтыш болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү жана башка ушул сыяктуу көйгөйлүү делген маселелерин айтышты. Депутат Каныбек Иманалиев 2014-жылы чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча атайын мыйзам кабыл алынганын белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленип жаткан "Мекен-карт" улуттук демилгеси тууралуу маалымат берди.

"Мекен-карт" идентификациялык картасына ээ болгон мекендештер мурда башка өлкөнүн жарандыгын алганына карабай, Кыргызстан менен байланышын үзбөй, анын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот жана Кыргызстандагы кыймылсыз мүлккө, үлүш жерге ээлик кылуу укугу сакталат” , - деди депутат Каныбек Иманалиев.

Эске сала кетсек, эл өкүлдөрү бүгүн Новосибирск шаарынын губернаторунун орун басары менен жолугат. Жолугушууда мигранттар көтөргөн көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдору талкууланары күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий