• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК депутаттары сот кызматына талапкерлердин калп детекторунан өтүүсүн алып таштоону сунушташууда

Коом 0

Бишкек, 10-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Узарбек Жылкыбаев КР Президентине караштуу Сот реформасы боюнча Кеңештин 10-жыйынынын 2-баскычынын жүрүшүндө сот кызматына талапкерлерди полиграфиялык изилдөөнү алып таштоону сунуштады.

“Мен адистер менен сүйлөшсөм, алар полиграфияда туура эмес учурлар көп кездешерин айтышты. Сот кызматына талапкерлерди полиграфиялык изилдөөнү алып таштоону сунуштайм. Эксперттер да менин пикириме кошулушат”, - деди У.Жылкыбаев.

Өз кезегинде анын кесиптеши депутат Максат Сабиров да полиграфты алып таштап, башка текшерүү жолдорун киргизүүнү сунуштады. “Бул боюнча сөз көп, биз жада калса соттолгондорду да текшербейбиз полиграф аркылуу. Ал эми сот кызматына көрсөтүлгөндөрдү текшеребиз. Бул сотторго карата туура эмес. Ошондуктан, мен дагы сот катары иштөөнүн каалаган талапкерлерди текшерүүнүн башка жолдорун кабыл алуу керек деп эсептейм”, - деп билдирди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий