• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК депутаттары өзү билемдик менен тургузулган жеке турак-үйлөрдү мыйзамдаштырууну сунуштайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Коомдук талкууга «2012-жылдын 3-августуна чейин өзү билемдик менен курулган жеке турак-үйлөрү бар болгон жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө » чыгарылган.

Демилгечилер: Жогорку Кенештин депутаттары А.Шыкмаматов, К.Иманалиев, Э.Токтошев, С.Нышанов, И.Гайпкулов, Б.Сулейманов, Н.Никитенко, С.Шер-Нияз.

Документте көрсөтүлгөндөй, ушул Мыйзам мамлекет тарабынан 2012-жылдын 3-августуна чейин Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында өзү билемдик менен тургузулган, жеке турак-үйлөр курулган жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча бир жолку гана акцияны жүргүзүүнү жөнгө салат, укуктук негиздерди, легалдаштыруу жана алардын кол тийбестигинин мамлекеттик кепилдиктерин берүү тартиптерин белгилейт.

Учурда өз алдынча турак жай куруп алуу темасы өтө маанилүү маселени жаратып турат. Муну, адамдын жашоосунда да, мамлекет үчүн да кыймылсыз мүлк объектилери чоң мааниге ээ экендиги жана менчик укугун пайда кылууда жана мыйзамдаштырууда келип чыккан юридикалык кыйынчылыктар тастыктап турат.

Өлкөбүздүн борборунда жана Ош шаарында мыйзамсыз курулуштар башкы маселелердин бири болуп эсептелет. Өз билемдик менен жүргүзүлгөн курулуштардын көйгөйлөрүнүн маанилилүүгү жана көлөмү, аны мыйзамдаштыруунун керектиги бардык деңгээлдеги бийлик органдары тарабынан белгиленип келет.

Мисалга айтсак, Бишкек шаарынын мэриясынын жеке турак-жай курулуш Департаменти тарабынан жүргүзүлгөн инвентаризациянын жүрүшүндө,Бишкек шаарынын 47 жаңы конушунда6 382 жеке турак үйүн куруу үчүн жер участкасы аныкталып, анын ичинен 3 589 жер участогу гана мыйзамдаштырууга мумкун экени белгиленген.

Жер участогуна тиешелүү укук берүүчү же укукту ырастоочу документтердин жоктугуна байланыштуу өз билемдик менен куруп алган үйлөрдөжашаган жарандар өз убагында жумушка орношушуп, аскердик каттоого турушуп, шаардын маанилүү коомдук-саясий иш-чараларына жигердүү катыша алышпайт жана тиешелүү медициналык жардамды алыша албайт, ошондой эле өзүнүн чогулткан акчасынын баарын уй-жай курууга сарптап салган калктын социалдык жактан талылуу катмары болуп эсептелет.

Ушундай эле кырдаал Ош шаарында түзүлгөн.

Ошону менен бирге, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, курулган жеке турак жай үйлөрү баржеручастокторун мыйзамдаштырууга мыйзам менен бекитилген ыйгарым укуктары жок.

Бишкек шаардык Кенешинин 2007-жылдын 9-июлундагы №339 токтомуменен бекитилген "Жеке турак үй курулуштарынын жер участокторун берүүнүн ирээти жөнүндө" Жобонун 4.4 пунктуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Комиссиясынын чечими боюнча 1999-жылга чейин курулган турак жайга жана уйдун жер участогун менчиктөө укугу берилет.

Бирок, жеке турак үйлөрдуү көпчүлүгү жарандар тарабынан 2005-жылкы өз билемдик менен басып алгандан кийин мыйзамсыз курулган.

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесине ылайык, “Жер участогун жеке жана юридикалык жактарга жеке менчикке же пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте акысыз же акы алуу негизинде жүргүзүлөт”.

Буга кошумча, аракетте болуп турган мыйзамдардын негизинде, тактап айтканда:

- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык жеке менчик кол тийгис,Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет;

- Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 222-беренесине ылайык, менчик укугу - бул өзүнө тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга жана тескөөгө субъекттин мыйзам актылары тарабынан таанылуучу жана корголуучу укуктары;

- Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 49-беренесине ылайык,жер участогунун менчик ээси жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланып, өз алдынча чарба жүргүзүүгө, жер участогуна укукту бузуунун, анын эркин эске албастан жер участогуна басып кирүүнүн ар кандай аракеттерине бөгөт коюуга укуктуу;

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык, муниципалдык жерлерге ээлик кылуу укугу юридикалык жактан камсыздалган мүлккө түздөн-түз ээлик кылуу мумкунчулугун, тескее укугун - юридикалык жактан камсыздалган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан муниципалдык жердин юридикалык тагдырын аныктоонун мүмкүнчүлүгүн аныктайт.

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, муниципалдык менчикте жер участоктору, ошондой эле өздөштүрүлбөгөн жерлер болушу мумкун.

Жарандардын өз билемдик менен басып алган жер участокторуна ээлик кылуу укугун алуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу келип чыккансоциалдык кыйынчылыктарды, (анын кесепетибир канча митингтергеалып келди), ошондой эле мындай көп сандагы өз билемдик менен мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузупжок кылуу мумкун эместигин эске алуу менен кароого “2012-жылдын 3-августуна чейин өз билемдик менен курулган жеке турак-үйлөрү бар болгон жер участкаларын мыйзамдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунсунуштайбыз.

Бул мыйзам долбоорун демилгелөө, көп өз билемдик менен тургузгандардын шылуун сатуучуларга алданып калгандыгы менен түшүндүрүлөт. Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн көп жарандар менчик укуктарын мыйзамдаштыра алышпайт, жеке турак үйлөрүн болсо тургузуп коюшкан.

Ошондой эле өз билемдик менен басып алуулардын дагы бир бөлүгү жарандардын Бишкек жана Ош шаарларында турак жай сатып алууга мумкунчулугу жоктугунан келип чыккан жана эптеп чогулткан акчаларына уй тургузуп алышкан, бирок аларды мыйзамдаштыруу тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды кабыл алууга чейин мүмкүн эмес.

Ошентип, Бишкек жана Ош шаарларында өз билемдик менен жеке турак үйлөрдү салып алган жер участокторун мыйзамдаштыруу көйгөйү чечилбеген бойдон калууда, бул борбор калаада жана Ош шаарында калктын нааразычылыктарына алып келип, митинг өткөрүү автоунаа жолдорун тосуу менен коштолууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, сунушталып жаткан “2012-жылдын 3-августуна чейин өз билемдик менен курулган жеке турак-үйлөрү бар болгон жер участкаларын мыйзамдаштыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруКыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, "Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө", "Мүлкке муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий