• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаттары жапон кесиптештери менен парламенттер аралык кызматташтыкты талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Ушул жылдын 4-октябрында Жогорку Кеӊештин депутаттары Талайбек Масабиров, Данияр Аттокуров, Алиярбек Абжалиев, Абтандил Кулбараков жана Абдумажит Юсуров Жапонияга жумушчу иш сапары менен барды. Белгилей кетсек, иш сапар Кыргыз-жапон парламентчилеринин достук лигасынын башчысы Ген Накатанинин чакыруусу менен уюштурулду.

Жогорку Кеӊештин Жапония менен кызматташуу боюнча достук тобунун мүчөлөрү жапон парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын спикери Тадамори Ошима баштаган депутаттар тобу менен жолугушуп, эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги жана Кыргызстанды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери боюнча, ошондой эле эки өлкөнүн аймактар аралык байланышын чыӊдоо жаатында пикир алышты.

Андан тышкары, депутаттык делегация мүчөлөрү Жапониянын Кочи жана Киото префектураларынын социалдык-экономикалык абалы менен жеринен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий