• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК депутаттарын шайлоо. Бишкек мэри атуулдук милдетин аткарып, добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардык муниципалитеттин башчысы Чүй облусунун Кант шаарындагы №7118 шайлоо тилкесинде өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, добуш берди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий