• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаты: Акыркы 8 жылда 60 кытайлык Кыргызстандын жарандыгын алган

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Акыркы 8 жылда 60 кытайлык Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул тууралуу ЖКнын Эл аралык иштер жана коопсуздук комитетинин отурумунда комитет төрагасы Исхак Пирматов билдирди.

Депутат Кытайга байланыштуу акыркы окуялар боюнча Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий позициясын айтпай жатканына нааразычылыгын билдирди.

Анын пикири боюнча, кытайлыктарга КРнын жарандыгы көп берилип жатканына эл нааразы болууда.

"Эмнеги ТИМ жарандык боюнча расмий статистиканы айтпайт. Мен Кыргызстанга 2018-жылы 2017-жылга караганда 10 миң кишиге аз келгенин билдим. Акыркы 8 жылда 60 кытайлык жарандык алыптыр. Алар негизинен никеге тургандан кийин алышкан", - деди ал.

Мындан тышкары, Пирматов Кытайдагы этникалык кыргыздарга байланышкан абалдан улам өкмөттү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий