• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ЖК депутаты аларга KG сериясындагы номерлерди кайтарып берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов KG сериясындагы номерлерди кайтарып берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Икрамовдун айтымында, аймактарга барган кезде депутат келгендигин тааныбай жатышат. Анын ою боюнча, шайлоочулар эл өкүлү келгендигин билиши керек.

Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары унаалардан жана атайын номерлерден баш тартышкан, ал эми өкмөттө болсо алар калган.

Эске сала кетсек, мурда парламенттин депутаттары атайын унаалардан жана KG сериясындагы номерлерден баш тартышкан.

Пикир

Оставить комментарий