• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 млн сом кайтарды – УКМК

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекеттин эсебине 20 млн сом кайтарып берди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекетик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан ЖК депутаты А.Абжалиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталган.

Абжалиев ЖК депутаты болуп турганда, андан тышкары КР экс-президенти менен туугандык мамилелеринен пайдаланып, мамлекеттик органдардын иштерине активдүү кийлигишип, ошол эле учурда жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыгын мамлекеттин зыянына учуратканы аныкталды. Ошондой эле, ал мамлекеттик кызматтарда иштеп жатып, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырып болбой турган мүлктүк активдерди, атап айтканда 20дан ашык элиталык батирлерди, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларындагы турак үйлөрдү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагынан жер тилкелерин, ошондой эле Түркия жана БАЭдеги кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы белгилүү болгон.

Муну менен катар Абжалиев Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөрдү жана башка коммерциялык объектилерди куруу үчүн курулуш компаниялардын бирине, тактап айтканда Кайыңды кабель заводуна, ошондой эле көмүр жана алтын кендерине олуттуу каражат жумшаган.

.

Пикир

Оставить комментарий