• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбек дарылануу үчүн медициналык бөлүмгө которулду

Коом 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. Кечээ, 6 мартта Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакиров соттун чечими менен камакка алынган Кыргызстандын жарандары Д. Асылбек уулу, Ч Абакиров жана А. Мурадиловдун ал-абалын, шарттарын жана алардын укугун сактоо жөнүндөгү маалыматты билүү тууралуу кат жолдогон КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевге жооп берди.

Учурда аты аталган кыргыз жарандары Алматы шаарынын кылмыш-жаза аткаруу түзүмүнүн ЛА-155/1 мекемесинде отурушат.

КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Кубат Оторбаевдин сурамы боюнча А. Шакиров көрсөтүлгөн жарандардын укугун сактоо жөнүндө так маалыматты алыш үчүн Казакстандын Башкы Прокуратурасына тийиштүү кат жолдогон. Анын негизинде көзөмөлдөөчү орган дароо ЛА-155/1 мекемесине барып бардык шарттарды жеринен текшерип, Кыргызстан жарандары менен жолугуп сүйлөшкөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында тергөө абагында аларга сый мамиле жасалып, укуктары бузулбагандыгы аныкталган.

“Камактагылар жаткан камера санитардык гигиеналык жана социалдык-тиричилик талаптарга жооп берет. Кыргыз жарандары тергөө абагына барганда белгиленген тартипте медициналык кароодон өтүшкөн. Алардын ден-соолугу ар дайым медициналык кызматкерлер тарабынан текшерилип турат. Прокуратура кызматкерлери Дамирбек Асылбек уулунун медициналык абалы тууралуу документтер менен таанышып, анын өнөкөт панкреатит дарты бар экенин билишкен соң тийиштүү дарыланууну алуу үчүн аталган мекеменин медициналык бөлүмүнө котортулган.

Ч. А. Абакиров жана У. Т. Мурадилов дн-соолугуна карата даттанышкан эмес. Камактагылардын өздөрүнүн айтымында, аларга карата кыйноолор жана башка мыйзамсыз ыкмалар колдонулган эмес. Прокуратура кызматкерлери алардын сөзүн тастыктоо үчүн денелерин карап, жаракат табышкан эмес”, -деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Кыргызстан жарандары укуктук жардам берүү кызматы менен камсыз кылынганы маалымдалат. Тергөөдөгү аталган кылмыш иши боюнча өздөрү тараптан жактоочулар жалданган.

Мындан тышкары 2018 жылдын 22 февралда камактагылардан кабар алып Кыргыз Республикасынын консулдук кызматы келип кетишкен. Жолугуу учурунда алар тараптан камактагы шарттарга карата даттануулар айтылган эмес.

Пикир

Оставить комментарий