• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбек: «Кыргызстан» партиясы Сооронбай Жээнбековду колдойт

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 07.10.17 /Кабар/. "Мен өзүмдүн, «Кыргызстан» партиясынын жана Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын атынан 12 талапкердин ичинен Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойлу деп чечим чыгарганыбызды билдиргим келет", деп айтты Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургундары менен болгон жолугушусуунда.

Анын айтымында, ал акыркы 1,5 жылда Сооронбай Шарипович менен бирге иштеп, айткан сөзүн, берген убадасын толугу менен аткарган киши экенине күбө болду. «26 жылдан бери жасалбай кележаткан жолубуз курула баштаганын көрүп, көз кубанат. Мунун курулушун баштаган биздин талапкер Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдиребиз. Каракол, Ысык-Көл, Кыргызстандын таламын талашкан Сооронбай Жээнбековду бир добуштан шайлап алалы. Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда шайланып, кыргыз элине татыктуу президент болот деп ишенебиз!», - деп белгиледи депутат Асылбек уулуДамирбек.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 07.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий