• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков Германиянын элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык байланышты, анын ичинде тиешелүү комитеттер жана достук топтору аркылуу кеңейтүү жолдорун талкуулашты. Ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, сөз эркиндиги, туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү, долбоордук иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу, инвестициялык саясатты ишке ашыруу, кризиске каршы чараларды көрүү ж.б.у.с маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-герман кызматташтыгы бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жатканын баса белгиледи. Ал кыскача ички саясий кырдаал жана өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берди. «Күн тартибинде терең реформаларды талап кылган көп тармактар бар - булар социалдык чөйрө, экономика. Азыр анализ жүргүзүлүп, тиешелүү мыйзамдар иштелип жатат. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы биз үчүн маанилүү жана биз өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна ишенебиз», - деди парламентарий.

Ч.Айдарбеков парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, өлкөнүн парламенти өлкөнүн саясий системасында маанилүү ролду ойноп келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн парламенттин эксперттик жана аналитикалык потенциалын жогорулатуу зарыл. «Кызматташтыктын дагы бир приоритеттүү багыты – парламенттик көзөмөлдүн укуктук жана институционалдык механизмдерин өнүктүрүү», - деп кошумчалады ал.

Ч.Айдарбеков эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселесине токтолуп, техникалык жардам аркылуу экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө багытталган, ошондой эле билим берүү, саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эки тараптуу программаларды жана долбоорлорду кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү жана Ысык-Көлдүн уникалдуу биосферасын сактоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, аймактарда кичи бизнести жана аялдардын лидерлигин өнүктүрүүдө кызматташууну активдештирүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын квалификациясын жана билим деңгээлин жогорулатуу сунушу айтылды.

Өз кезегинде, Германия Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилеп, кызматташтыктын негизги багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Дипломат айтылган демилгелерди колдоорун билдирди, ошондой эле германиялык тарап Жогорку Кеңештин колдоо программасын чагылдырууга даяр экендигин билдирди, бул боюнча Эл аралык иштер боюнча комитет менен биргеликте ЖКнын депутаттары жана аппаратынын кызматкерлери үчүн өзүнчө план иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий