• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК депутаты Д.Аттокуров: Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чыныгы патриоту!

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 07.10.17 /Кабар/. Убакыт учкан куштай экен, алты жыл мурун ушул жерден президент Алмазбек Атамбаевди эл жылуу тосуп алып, ал өзүнүн программасын айтып кеткен. Алмазбек Атамбаев ошол убакта айткан сөзүнө турду, баарын жасады, деп билдирди Жогорку Кенештин депутаты Данияр Аттокуров Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы алты жылда 300гө жакын мектеп, бала бакча, ооруканалар, жолдор курулду. “Энергетикалык көзкарандысыздыкка жетиштик, “Датка-Кемин” подстанциясы курулду, анын уландысы болуп, “Кемин-Каракол” чоң долбоорлору башталды. Эң биринчиден, Алмазбек Атамбаевдин убагында ынтымак, тынчтык, эртеңки күнгө ишеним жаралды. Бүгүн дагы Сооронбай Жээнбеков бул жакка келип, өз программасын айтты. Бул элдин суроо-талаптарына ылайык түзүлгөн программа. Алмазбек Атамбаев баштаган жумуштардын баарын бүтүрөм деп жатат. Жети-Өгүз эли терең ишенип, добушубузду беришибиз керек”, - деди депутат.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда элдин көйгөйлүү суроолорун ага түздөн-түз жеткирип атып, көптөгөн маселелер чечилди. “Бул жылы эле районубузга 10дон ашык жаңы жолдор салынды жана асфальтталды. Жаңы мектептер салынып атат, бала бакчалар, ФАПтар салынып атат. Эң алыскы Ак-Шыйрак айылыбызга уюлдук байланыш жеткирилди. Сооронбай Жээнбеков буга бирден-бир жардам берди. Анткени Сооронбай Шарипович кичи шаарлар жана айыл жергесин өнүктүрүүнү программасына киргизип, буюрса айылдарыбыздын ичи асфальтталат, жарыктандырылат, коопсуз болот. Үзөңгү-Кууш Кытайга кетип атканда, саналуу гана депутаттар каршы болгон. Алардын бири - Сооронбай Жээнбеков. Ал биздин элдин патриоту, бир да метр жерди башкаларга бербейт! Биздин болочок президентибиз Сооронбай Жээнбеков, биз аны колдойбуз!”, - деп элди чакырды Данияр Аттокуров.

Өз кезегинде Жети-Өгүз эли Сооронбай Жээнбековду колдой турганын жана ага добуш берээрин ишенимдүү билдиришти.

- Даярдоочу: КУМА “Кабар”

- Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175

- КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.

- Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 07.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий