• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаты дары-дармек жана азык-түлүк баасынын кымбатташын токтотууга чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Бүгүн 12-март күнү Жогорк Кеңештин отурумунда депутат Иса Өмүркулов өкмөттү азык-түлүк жана дары-дармектерге болгон баанын тездик менен өсүүсүн токтотууга чакырды. Бул тууралуу парламентин басма сөз кызматы билдирет.

Депутаттын айтымында, коронавирус илдети дүйнөдө жайылып жаткан учурда, өлкөдө дары-дармек наркынын негизсиз өсүп жатканынан байкаса болот.

"Коронавирустун шарданы менен дары-дармектин баасы күндөн-күнгө өсүп, ортодо баягы эле шылуундар пайдасын көрүүдө. Азыр азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы абал да ушундай. Өкмөт бул маселелердин баарын колго алып, тийиштүү чараларды көрүшү керек ", - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий