• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК депутаты Фархат Иминов мандатын тапшырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.03.18. /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат Фархат Иминов өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат Иминовдун кабылдамасынан билдиришти.

Мурда социалдык түйүндөрдө ЖК депутаты ыйгарым укуктарын тапшыра тургандыгы тууралуу айтылган депутаттын кайрылуусу жарыяланган.

Жогорку Кеңештин депутатынын кабылдамасынан маалыматты тастыкташып, бул депутаттын жеке чечими экендигин кошумчалашты.

“Ал келип, кетип жаткандыгын айтты. Өзүнүн жеке чечими экендигин билдирди”,-дешти кабылдамадан.

Пикир

Оставить комментарий