• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаты кабылган жол кырсыгы: Унаанын ичинде 7 адам болгон

Кырсык 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Каримов кабылган жол кырсыгында унаанын ичинде 7 адам болгон, ичинде жаш балдар да бар болчу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, төрт адам анын ичинде депутат Нодирбек Каримов Токтогул райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жеткирилген. Кырсык болгон жерде депутаттын 69 жаштагы апасы каза болгон.

Калган жүргүнчүлөр 69 жаштагы кайын энеси, 46 жаштагы К.Н., 19 жаштагы М.Н., ар кандай даражадагы жаракаттарды алышкан.

16 жаштагы М.С., жана 20 жаштагы К.Ы., аттуу балдарга дарыгерлер биринчи жардам көрсөтүшкөн.

Унаа айып унаа токтотуучу жайга токтотулган. Тиешелүү материалдар Жайыл ИИБне өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий