• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК депутаты ӨКМди кооптуу райондордун жашоочулары менен инструктаж өтпөгөндүгү үчүн сындады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 3-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу райондордун жашоочуларына эскертүү берүү менен бирге инструктаж өтүүлөрү керек болчу”, - деп бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери өлкөдө көптөгөн адам өмүрүн алган өзгөчө кырдаалдар көп болгон. “Алар баары кооптуу райондордун тургундарын коркунуч тууралуу эскертип, башка жерге көчүп кетүүнү өтүнгөндөрүн айтышууда. Белгилүү болгондой, алар кат түрүндө билдирүү жиберишкен. Бирок, эч ким укпай, ошол жерде жашоону улантышкан. Анткен менен алар жергиликтүү жашоочулар менен инструктаж өткөрүшкөн эмес. Тургундар өзгөчө кырдаалдар учурунда эмне кылышты билишпейт. Мына кечээ Аюу айылынын бир жашоочусу, жер көчкү кыймылдаганын көргөндүгүн айтты, бирок ал маани бербей, барып жатып алган. Бир аздан кийин кайра караганы чыгат, 1-2 мүнөттөн кийин көчкү түшкөн. Тактап айтканда, ал өзгөчө кырдаалдарда эмне кылышты билген эмес. ӨКМ эл менен инструктаж өткөрүп, эмне кылуу керектигин, коркунуч тууралуу билдирип, коргонуу керектигин айтып бериши керек эле ”, - деди Б.Төрөбаев.

Ошондой эле, парламент өкүлү министрликте жер көчкүнү тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүү боюнча техникаларынын жоктугун белгиледи. Куткаруучулар күрөктөр менен иштеп жатышат. Бардык техника эски. Ал белгилегендей, министрликтин технопаркын жаңыландыруу керек. Себеби, жер көчкү, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктары жыл сайын кайталанат.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары эртеңки жыйындын “ар түрдүү” бөлүгүндө өзгөчө кырдаалдарды жоюу жана алдын алуу маселелерин талкуулоону чечишти.

Пикир

Оставить комментарий