• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаты Кыргызстан БАдагы зер буюмдардын борборуна айлана алат деп эсептейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жогорку Кеңеште депутаттар Кыргызстандын Борбор Азияда зер буюмдарынын борборуна айланууга бардык мүмкүндүктөрү бар деп эсептешет.

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Экмат Байбакпаев өлкөдө зер буюмдары өндүрүлүп, бирок алардын бардыгы чет жакта сатыларын билдирди. «Биз эмне үчүн атамекендик зер буюмдар рыногун өнүктүрбөй жатабыз? Бул багытта иштеп, атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого алышыбыз зарыл. Борбор Азияда зер буюмдардын борборуна айланууга бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Жакшы болмок», - деп белгиледи Э.Байбакпаев.

Анын айтымында, бул өз кезегинде кошумча иш орундарын, бюджетке кошумча толуктоолорду, экономиканын жогорулашына алып келет. «Бул жакшы идея жана аны колдоо керек», - деди ал.

Өкмөт бул маселени көзөмөлгө алып, бул багытта иш баштоону убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий