• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК депутаты: Кыргызстан маданият жана улуттар аралык диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. "Кыргызстан маданият жана улуттар аралык диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда", - деп билдирди бүгүн, 10-февралда Казакстандын Түркестан шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форумунда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эл өкүлү форумда баяндама жасап, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүдөгү парламентарийлердин ролу тууралуу сөз кылды.

Жалпы тарыхый-маданий байланыштар Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы, достук жана ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү үчүн фундаменталдуу негиз болуп саналарын айткан Марлен Маматалиев: “Андыктан жалпы маданий-тарыхый мурастарды сактоо, гуманитардык, илимий, билим берүү жана маданий чөйрөлөрдө кызматташтыкты арттыруу учур талабы”, – деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш тарабынан “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынганын эске салган депутат анда баалуу тарыхый-маданий мурас объектилерин коргоо жана пайдалануу жаатындагы укуктук ченемдер камтылганын кошумчалады.

“Кыргызстан маданияттар жана улуттар аралык диалогдорду өнүктүрүү максатында, эл аралык аренада демилгелерди илгерилетүү, конференцияларды жана форумдарды өткөрүү менен тынчтыкты жана прогрессти чыңдоого өз салымын кошууда. Айрыкча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары мындан ары да көчмөн элдердин маданиятын, өзгөчөлүгүн жана жашоо-турмушун жандандырууга жана сактоого өз салымын кошууну уланта берерин баса белгилейм”, – деди Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Марлен Маматалиев, Ырысбек Атажанов, Чыңгыз Ажибаев, Мейкинбек Абдалиев жана Фарходбек Алимжанов Түркестан шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилеринин I форумуна катышты.

Пикир

Оставить комментарий