• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаты мугалимдерге "Баатыр" наамын берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Депутат Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин жыйынында мугалимдерге "Баатыр" наамын берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мугалимдер 30-40 окуучудан турган класста сабак берип, эмгек шартына чыдамкайлык менен мамиле кылышат.

"Биз мугалимдерге өзгөчө статус жана "Баатыр" наамын берүүнү карашыбыз керек", - деди депутат.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкөдө 600 мектеп жана 1 миң 200 бала бакча жетишсиз, жыл сайын курулушка 2-3 миллиард сом бөлүнгөнү менен ансыз деле ушунча объектилердин курулушу 25 жылдай убакытты талап кылат.

Пикир

Оставить комментарий