• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖК депутаты Рысалиевдин абалы туруктуу оор – дарыгердин орун басары

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.06.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы туруктуу оор деп бааланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын алдындагы оорукананын башкы дарыгеринин дарылоо бөлүмү боюнча орун басары Александра Олексюк билдирди.

Анын айтымында, мындан мурдараак дарыгерлер Рысалиевде инсульт болушу мүмкүн деп жатышкан. Бирок, Магниттик-резонанстык томографиядан кийин ал пикир жокко чыккан.

"Ишемби күнү Улуттук госпиталдын дарыгерлери менен бирге кеңешме өтүп, депутатка гипертониялык криз фонундагы курч гипертониялык энцефалопатия деген диагноз коюшкан. Рысалиевдин абалын динамикада кароо керек. Ага тынч жатуу каралган. Эртең же бүрсүгүнү дагы бир кеңешме өтөт", - деди ал.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Рысалиев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында ИИМге суракка чакырылып, түшкү тыныгуу маалында өзүн начар сезген.

Белгилей кетсек, мындан мурдараак Ички иштер министрлиги билдиргендей, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу максатында А. Батукаевге "курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)" диагнозун коюп, диагнозду тактоодо фактыларды жасалмалаган. 2013-жылдын 23-апрель күнү Жогорку Кеңешинин депутаттык комиссиясынын чечими менен түзүлгөн эксперттик медициналык топ, А. Батукаевге мурда коюлган "курч миелобласттуу лейкозу (М2-вариант)" диагнозун жокко чыгарып, диагнозду тактоодо фактылар жасалмаланганын көрсөтүшкөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө бир катар медицина кызматкери шектелип кармалган.

Аны менен катар А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри С.Д. менен ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок, кийинчерээк мурдагы министр үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле, 21-май күнү бул иш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кармалган. Алгач аны камакка алуу чечими чыгып, андан кийин ал тергөө менен кызматташууга баргандыктан анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн.

Андан тышкары, Башкы прокуратура тарабынан Нарын шаардык сотунун мурдагы соту Ж.Э., карата сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул иш боюнча Нарын облусунун прокурорунун мурдагы орун басары Майрамбек Акматалиев (кийин кое берилген), мурдагы башкы прокурор Аида Салянова (26-июнга чейин №1 тергөө абагында кармоо чечими чыккан) кармалган.

Пикир

Оставить комментарий