• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК депутаты Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. «Кыргызстан» парламенттик фракциясынын башчысы, Жогорку Кеӊештин Түркия парламенти менен кызматташуу боюнча достук тобунун башчысы Алмазбек Баатырбеков кечээ, 30-майда Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолугушуп, кыргыз-түрк кызматташтык мамилелерин өнүктүрүү жаатында пикир алышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Депутат Алмазбек Баатырбеков Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтык мамилелер, анын ичинде Жогорку Кеӊеш менен Улуу Улуттук Жыйындын ортосундагы парламенттер аралык алакалар жылдан-жылга жанданып баратканын баса белгиледи.

«Айрыкча, Түрк кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын (ТИКА) жардамы менен бир топ ири долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы өтө кубанычтуу. Ал эми Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) алкагында да боордош элдердин турмушуна байланыштуу бир катар орчундуу чечимдер кабыл алынып, парламенттер аралык мамилелердин жанданышына өбөлгө түзүүдө», - деп, Алмазбек Баатырбеков быйыл Түркияда өтө турган парламенттик шайлоонун таза жана ачык-айкын өтүшүнө тилектеш экенин билдирди.

Ал эми Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат бул кызматка жыл башында эле дайындалганына карабастан, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланышты бекемдөө жана аны андан ары өөрчүтүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер жасалганын айтты. Ал бул багыттагы аракеттер мындан ары да улантыла турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий