• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖК депутаты: “Текебаев – бүт Кыргызстан сыяктуу мамилени токтотуу керек”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 9-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов кесиптештерин бардык нерсени саясатташтырып, өлкөдө баары жаман деп айтууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жыйынында айтты.

“Өлкөнүн эң алыскы аймагы болгон Лейлекте эл мамлекетибиз өнүгүп, экономикасы өсүп жатканын көрүп, билип турушат. Бул абдан жакшы. Эгерде биз көмүскө экономиканын санын кыскартсак, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула алабыз. Мунун баары Кыргызстан ар кандай эл аралык рейтингдерде ээлеген ордунан көз каранды эмес”, - деди М.Мадеминов.

Мындан тышкары, депутат кесиптештерин бийлик оппозицияга кысым көрсөтүүдө деп айтууну токтотууга чакырды. “Бул мындай эмес. Ошондой эле, Текебаев – бүт Кыргызстан сыяктуу мамилени токтотуу керек”, - деп билдирди эл өкүлү.

Мындан тышкары, депутат Евгения Строкова оппозициянын айрым өкүлдөрү демократияга жамынып алып, адептүүлүктөн чыгып кетип жаткандарын билдирди. “Мындай демократия эч жерде жок. Жада калса Американын өкүлдөрү, Кыргызстанга келип, айрымдар демократияга таянып алып, мамлекет башчысын ушактай алышарына таң калып кетишет. Аларда да мындай жок экен. Оппозиция конструктивдүү болушу керек. Эгер азыркы оппозиция өкүлдөрү Президенттин ордунда болгондо бир эле баш кетмек эмес. Себеби, алар азыр да оор кабыл алып жатышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий