• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болду

Коом 0

Бишкек, 02.01.18 /Кабар/. 1нен 2-январга караган түнү Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматовдун жүрөгү кармап каза болгон,-деп билдирет Жогорку Кенештин басма сөз кызматы.

Маркумдун сөөгү эртең, 3-январда кичи мекенинде жерге берилет.

Эске сала кетсек, Ж.Калмаматов “Кыргызстан” фракциясынын депутаты болчу. Ал 1972-жылы 22-декабрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында төрөлгөн.

Жыргалбек Калмаматовдун артында аялы жана тогуз баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий