• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ЖК депутатынын Twitter баракчасынан 15 жашар кыз кайрылуу жасайт

Коом 0


Бишкек, 22.11.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн 15 жаштагы Бишкектик Кирсина Алиева Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдун Twitter баракчасына кирип, парламенттин көңүлүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын маселелерине бурдуруу максатында кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстандык 29 миң мүмкүнчүлүгү чектелген депутаттарга кайрылуусун Бишкектин жаш тургуну Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө арнап, мыйзам чыгаруу органын БУУнун балдар укуктары жөнүндө Конвенциясын ратификациялоону өтүндү. Ал бул документти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын маселелерин чечүүгө шарт түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев өзүнүн социалдык тармактагы аккаунтун башкарууга жаш активистке урусат берди.

“Бүгүн менин ордума, менин аккаунтумду Кирсина Алиева башкарат. Сиздерден балдар коомго жеткирүүнү каалаган сөздөргө көңүл бурууну суранам”, - деди депутат окурмандарына.

Жарыялоолорунда Алиева ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын алсыздыгы маселелерин козгоп, ЖК депутаты болсо, ал бул көйгөйлөрдү кандай чече турганын айтып берди.

Маалымдама: Кирсина Алиева ЮНИСЕФ #KidsTakeOver демилгесинин катышуучуларынын бири. Ал коомчулуктун көңүлүн балдардын көйгөйлөрүнө бурдурууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий