• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

ЖК ЕАЭБдин Бажы кодекси боюнча ратификациялык мыйзамга карата Президенттин каршы пикири менен макул болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 30-декабрда Өкмөттүн өтүнүчү боюнча өткөн кезексиз жыйынында “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеӊеш ЕАЭБдин Бажы кодексин 2017-жылдын 27-декабрында ратификациялаган, бирок ага карата Президенттин каршы пикири келип отурат. Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүгө тийиш. Ошондон улам, анын датасы өзгөртүү маселеси келип чыккан.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Исхак Масалиев, Төрөбай Зулпукаров, Максат Сабиров баштаган депутаттар Өкмөт тарабынан кетирилген кемчилик биринчи эле жолу болуп жатпаганын айтышып, ага мисал катары “Кыргыз Республикасындагы жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамын дагы мисалга тартышты. Эл өкүлдөрү мындай орой кемчиликтерди кетирген КР Өкмөтүнүн жооптуу кызмат жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо маселесин коюшту. Мындай эл аралык маанидеги маселелерге шалаакылык менен мамиле кылган жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүшү керектиги айтылды. Эл өкүлдөрүнүн жогорудагыдай кемчиликтер боюнча сын-пикирлерин КР вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү моюндарына алышты.

Аткаруу бийлигинин жооптуу кызмат адамдарынын жоопкерчилик маселесин кароо Жогорку Кеңештин тармактык комитеттерине сунушталды.

Соңунда добуш берүүнүн жыйынтыгы менен “2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга карата Президенттин каршы пикири менен макул болуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий